Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Пакыров: Ош, Баткен жана Жалал-Абадда ишкерлик борборлору ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров
ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров аталган борборлор үч багытта иш алып бара турганын айтты.
Пакыров: Ош, Баткен жана Жалал-Абадда ишкерлик борборлору ачылды

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ишкерликти колдоо максатында борборлор ачылып, пилоттук негизде иштеп баштады. Бул тууралуу Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган борборлордон ишкерлер кызыккан суроолорунун баарына жооп таба алат.

"Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында ишкерлик борборлору ачылды. Эми ишкерлер кызыккан суроолору боюнча ал жакка кайрыла алат. Анда үч багыт боюнча иш алып барылмакчы. Маалыматтык колдоо, бизнес жаатындагы долбоорлорду жазуу жана окутуулар каралган. Буга чейин аймактагы ишкерликке кызыккан замандаштарыбыз кайсы жакка кайрылып, иш баштоо керектигин сураганда так жооп бере албай калчубуз. Негизи эле бизнес менен алектенгендерге жетишерлик колдоо жок. Ошондуктан өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша ушундай кадамдарга барып жатабыз", — деди Пакыров.

Ал эгер борборлор ийгиликтүү иштеп кетсе, башка аймактарга да ачуу мерчемделерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0