12:15 25 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов
© Sputnik / Асель Акматалиева

Парханов: саясий чечимдерге жаштардын пикири таасирин тийгизет

Радио
Кыскача шилтеме алуу
140 0 0

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов Кыргызстан калкынын 28 пайызын 14-28 жаштагы жаштар түзөрүн айтты.

Жаштарга тиешелүү көйгөйлөр президенттин да, өкмөттүн да алдында коюлган приоритеттүү маселелердин бири. Бул тууралуу Мирлан Парханов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекет саясий чечимдерди кабыл алган учурда жаштардын үнү толугу менен угулбаса да, канчалык бир деңгээлде өз таасирин тийгизүүдө.

"Жаштардын коомдогу орду абдан чоң. Бүгүнкү күндө саясий чечимдерди кабыл алууда жаштардын үнү толук кандуу угулбаса да, канчалык бир деңгээлде өз таасирин тийгизип жатат. Коомдо көйгөйлүү маселе жаралган учурда социалдык тармак аркылуу өз ой-пикирлерин айтышууда. Ага жараша тийиштүү органдар чечимдерди кабыл алып жатат. Ошондой эле өзгөчө аймактарды кыдырганда жергиликтүү бийликте жаштар иштеп жатканына күбө болуп келебиз. Айыл өкмөт, жергиликтүү депутаттык кызматтарда жаштардын иш алып баргандыгы байкалат. Албетте, региондордо жалаң гана жаштар иштеп жатат дегенден алысмын. Көбү айлык маянанын аздыгынан алыскы аймактарга барып иштегиси келбейт. Бирок ошол эле учурда өзүнүн районуна, айылына жардам берүүнү каалаган жаштар да бар. Алардын тажрыйба топтоосуна шарттар түзүлүшү керек", — деди Парханов.

Ал калктын күчү — бул жаштар экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Элдин балдары... Жогорку кызматты ээлеген жаштардын тизмеси
Белгилер:
жаштар, коомдук жай, саясат

ЭҢ МААНИЛҮҮ