Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырова: ЖРТнын суроолору алдын ала эч кимге берилбейт

© Sputnik / Асель АкматалиеваБилимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жалпы республикалык тестти өткөрүү боюнча адиси Мээрим Кадырова. Архив
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жалпы республикалык тестти өткөрүү боюнча адиси Мээрим Кадырова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жалпы республикалык тестти өткөрүү боюнча адиси Мээрим Кадырова ЖРТнын суроолору август айынан бери даярдалып келгенин айтты.
Кадырова: ЖРТнын суроолору алдын ала эч кимге берилбейт

Жалпы республикалык тестирлөөнүн суроолорун кыргыз жарандары түзөт. Бул тууралуу Мээрим Кадырова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көп учурда тесттин суроолорун чет элдиктер түзөт деген пикирлер айтылып келет.

"Суроолорду билим берүү мекемелеринде иштеген адистер жана мугалимдер даярдайт. Тестти иштеп чыккандар суроолорду жиберишет, бирок так кайсы суроо тестирлөөгө кошулганын эч ким билбейт. Аны даярдаган адамдардын өздөрү да тест учурунда гана кайсы суроолор жарыяланганын билишет. Ошондуктан ЖРТнын суроолору алдын ала таркап кетет деп кооптонуунун кереги жок", — деди Кадырова.

Ал ЖРТга каттоо акысы 320 сом экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0