Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакеев: №6 кичирайонго 72 камера орнотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековРукаппарата муниципальной администрации мэрии города Бишкек по Октябрьскому району Чынгыз Бакеев
Рукаппарата муниципальной администрации мэрии города Бишкек по Октябрьскому району Чынгыз Бакеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь райондук аппараттын жетекчиси Чыңгыз Бакеев Бишкектеги №6 кичирайондо "Коопсуз кичирайон" долбоору ишке киргенин айтты.
Бакеев: №6 кичирайонго 72 камера орнотулду

Баштапкы этабында аталган аймактагы коомдук жана административдик объектилердин жанына, кичирайондун ичиндеги көчөлөрдүн кесилишине 72 видеокамера орнотулду. Бул тууралуу Чыңгыз Бакеев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, долбоорго жергиликтүү бюджеттен 1,5 миллион сом бөлүнгөн.

"Долбоорго ылайык көзөмөл пункту борборлоштурулуп, сервер милициянын №3 бөлүмүнө жана Октябрь РИИБине орнотулду. Байкоо милиция кызматкерлери тарабынан күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсү боюнча 2018-жылдын I кварталында аталган кичирайондо 109 кылмыш катталган. Ал эми долбоор ишке киргенден кийин 2019-жылдын I кварталында 20 кылмыш фактысы болгон. Бул көрсөткүч аталган райондо кылмыштуулуктун саны беш эсеге азайгандыгын билдирет", — деди Бакеев.

Ал "Коопсуз кичирайон" долбоору 2018-жылы жай мезгилинде ойлонуштурула баштаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0