Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аскералиева: айыл чарба жаатында Кыргызстандын өзүнүн стандарты жок

© Sputnik / Эмиль СадыровАгроном Бактыгүл Аскералиева. Архив
Агроном Бактыгүл Аскералиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агроном Бактыгүл Аскералиева ар бир өлкөдө айыл чарба азыктарына атайын стандарттар болорун, дыйкандар ошол ченемдерге жараша өсүмдүктүн көлөмүн жана сапатын талапка жооп бергидей өстүрүшү керектигин айтты.
Аскералиева: айыл чарба жаатында Кыргызстандын өзүнүн стандарты жок

Кыргызстанда айыл чарба жаатында өзүнүн стандарттары жок. Бул тууралуу Бактыгүл Аскералиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дыйкандар эгин эгип, өсүмдүк өстүрөрдө аны кандай жана кайсы баада сата турганын эске алышпайт.

"Азыркы тапта Кыргызстанда айыл чарба азыктарына анализ жүргүзүп, анын саны менен сапатын аныктай турчу бир да мекеме жок. Башка өлкөлөрдө айыл чарба азыктарына көзөмөл жүргүзүп, атайын стандарттык ченемдерди иштеп чыкчу кызматтар бар. Алар ошол ченемдин негизинде сырттан келген айыл чарба азыктарына да талап коюшат. Тилекке каршы, Кыргызстандан барган өндүрүм сатып алуучу тараптын стандарттарына жооп бербей, экспортко чыкпай калууда. Мындан улам Кыргызстан айыл чараба жаатында эл аралык талаптарга жооп бергидей өзүнүн ченемдерин иштеп чыгышы керек. Ал эми атамекендик өндүрүүчүлөр ошол талаптарды эске алуу менен иш алып барышы зарыл. Дыйкандар жана айыл чарба жаатын тескей турчу мекеме, ишканалар бирге иш алып барса, айыл чарба азыктарын сатып же экспорттоодо маселе жаралбайт", — деди агроном.

Ошондой эле ал чет өлкөлүк сатып алуучулар Кыргызстандын айыл чарба азыктары органикалык таза өндүрүм болушун талап кылып жатышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0