Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мугалим: ата-эне баласына куру сөз менен акыл үйрөтпөй, үлгү болушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековМугалим Бакытбек Болгомбаев. Архив
Мугалим Бакытбек Болгомбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутуучу ата-эне телефон карап отурса бала да ага кызыгарын, эгер китеп окуса, баласы да китеп окуй турганын кошумчалады.
Мугалим: ата-эне баласына куру сөз менен акыл үйрөтпөй, үлгү болушу керек

Жаш балдарды телефондон оюн ойнойт деп уруша бербеш керек. Мындай пикирин Бакытбек Болгомбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мектеп окуучуларын интернетти максаттуу пайдаланууга көндүрүү зарыл.

"Жаш балдарды телефон ойнойсуң деп уруша бербеш керек. Интернеттин да жакшы жактары бар экенин, аны максаттуу түрдө колдонсо болорун үйрөтүү зарыл. Ал жактан билим алууга, билбеген нерсесин кароого жол көрсөтүү ата-энелердин колунда. Замандын талабына ылайык, интернетти өздөштүрүү маанилүү. Ошондой эле китепти унутта калтырбай, баланын китепке болгон кызыгуусун өстүрүү шарт. Китеп биринчи орунда болууга тийиш. Китеп окугула деп какшана бербестен, аларга биз үлгү болушубуз керек. Мисалы, мен класска киргенде өзүм окуп жаткан китептерди кошо ала кирип, ал китептердеги кызыктуу маалыматтардан бир аз балдарга айтып берем. Ошентип окуучулардын баары ал китепти окугусу келбесе да, арасынан ага кызыккандар чыгат", — деди Болгомбаев.

Ал ата-эне телефон карап отурса бала да ага кызыгарын, эгер китеп окуса, баласы да китеп окуй турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0