Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арзыкулова: врачтар заманбап технология менен иштөөнү да жакшы өздөштүрүүдө

© Sputnik / Досхан НусупбековСаламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Арзыкулова
Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Арзыкулова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Арзыкулова квалификациясын жогорулатпаган дарыгерлерге ооруканада иштөөгө жол берилбей турганын айтты.
Арзыкулова: врачтар беш жыл сайын билимин жогорулатып туруш керек

Врачтар беш жыл сайын милдеттүү түрдө квалификациясын жогорулатып турууга тийиш. Бул тууралуу Бурул Арзыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда дарыгерлердин көбү заманбап медицинанын талабына жооп бере алат.

"Ар бир беш жылда биздин врачтар милдеттүү түрдө квалификациясын көтөргөнгө акылуу. Ансыз мамлекеттик да, жеке клиникаларга да иштөөсүнө жол берилбейт. Бүгүнкү күндө дарыгерлер замандын талабына ылайык медицина тармагын үйрөнүп, чет өлкөгө барып окуп келип жатышат. Биздин врачтар заманбап технологиялар менен иштөөнү да жетиштүү деңгээлде өздөштүрүүдө", — деди Арзыкулова.

Ал бирок дарыгерлердин билим деңгээли cовет мезгилиндеги врачтардыкына караганда төмөнүрөөк экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0