Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турусбеков: медиктер ар дайым билим деңгээлин жогорулатып турууга тийиш

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Бактыбек Турусбеков
Депутат Жогорку Кенеша Бактыбек Турусбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков медицина тармагы жыл сайын өсүп турарын айтты.
Турусбеков: медиктер ар дайым билим деңгээлин жогорулатып турууга тийиш

Медицина жаатында жаңы ачылыштар тез-тезден болуп тургандыктан дарыгерлер билим деңгээлин дайыма жогорулатып турушу керек. Бул тууралуу Бактыбек Турусбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ал Бишкектеги Фучик көчөсүндөгү кыргыз-түрк достугуна арналып курулган ооруканадан жаштар билим алыш керек деген ойдо.

"Негизи медиктер ар дайым билимин жогорулатып турууга тийиш. Анткени убакыт өткөн сайын жаңы ачылыштар, жаңы технологиялар менен дарылоо иштери жүрөт. Мисалы, алар билимин интернет аркылуу Кыргызстанда жашап, иштөө менен да жогорулатса болот. Ошондой эле Фучик көчөсүндө салынган ооруканадан жаштар билим алсын деген ойдомун. Ал жерге чет өлкөдөн тажрыйбалуу дарыгерлер келип, тажрыйбасы менен бөлүшсө, биздин медиктерге пайдалуу болот", — деди эл өкүлү.

Ал ошондой эле Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын келишим баасы кымбат экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0