Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садабаев: гемофилия дарты адамдын ойлонуу жөндөмүнө залал тийгизбейт

© SputnikУлуттук онкология жана гематология борборунун гематолог дарыгери Эрбол Садабаев
Улуттук онкология жана гематология борборунун гематолог дарыгери Эрбол Садабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук онкология жана гематология борборунун гематолог дарыгери Эрбол Садабаев гемофилия илдетине чалдыккан адамдар кара күчтү талап кылбаган, интеллектуалдык жумуштарда иштей берсе болорун айтты.
Садабаев: гемофилия дарты адамдын ойлонуу жөндөмүнө залал тийгизбейт

Аталган дарт адамдын мээсине, ойлонуу жөндөмүнө залалын тийгизбейт. Бул тууралу гематолог дарыгер Эрбол Садабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер оорулуу дары-дармек менен жетиштүү өлчөмдө камсыздалып турса, ал дени сак адамдардай эле иштей алмак.

"Гемофилия менен ооруган адам кара күчтү талап кылган жумушта иштей албайт. Анткени жаракат алып калуу коркунучу бар. Ал эми интеллектуалдык жумуш орундарында толук кандуу эмгектенсе болот. Гемофилия адамдын ой жүгүртүү жөндөмүнө таасирин тийгизбейт. Эгер аталган дартка чалдыккан адам дары-дармек менен жетиштүү көлөмдө камсыздалса, анда кыймыл-аракет талап кылынган иштерди деле аткара бермек. Бирок тилекке каршы, биздин жарандар үчүн дарылардын баасы кымбат. Ошол себептен бул дартка чалдыккан адамдарга мамлекеттик колдоо болушу керек", — деди дарыгер.

Ошондой эле ал учурда гемофилия менен ооруган адамдарды ишке орноштуруу көйгөйү бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0