Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кудайназаров: гемофилия дарты жугуштуу эмес

© Sputnik"Гемофилия менен ооругандар жана майыптар" коомунун башчысынын орун басары Мирлан Кудайназаров
Гемофилия менен ооругандар жана майыптар коомунун башчысынын орун басары Мирлан Кудайназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-апрелде жыл сайын гемофилия күнү белгиленип келет
Кудайназаров: гемофилия дарты жугуштуу эмес

"Гемофилия менен ооругандар жана майыптар" коомунун башчысынын орун басары Мирлан Кудайназаров жыл сайын бул дартка чалдыккан оорулуулардын маселесин коомчулукка жеткирүү аракеттери көрүлөрүн айтты.

Коомчулукта гемофилия оорусуна чалдыккан адамдардан чочулап турушат. Дартты жуктуруп аламбы деп корккондор көп. Бул тууралу Мирлан Кудайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул багытта элге түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп туруу зарыл.

"Биз жыл сайын 17-апрель күнү гемофилия дарты жана бул илдетке чалдыккан оорулуулардын маселеси тууралуу коомчулукка жеткирүү аракетин көрүп келебиз. Элде гемофилия жөнүндө жетиштүү маалымат жок. Ушундан улам айрым учурда кесепети кейиштүү аяктаган окуялар болуп келет. Жөнөкөй тил менен айтканда, гемофилия — бул кансыроо оорусу. Аталган дартка чалдыккан адамдар кичинекей эле жаракаттан улам өмүрү менен кош айтышышы мүмкүн. Ошол себептен гемофилия менен ооруган адамдарга этият мамиле кылыш керек. Мындан сырткары, коомчулуктун бул илдет менен ооруган адамдардан чочулаган учурлары бар. Гемофилия жугуштуу дарт эмес. Ал тукум кууган оору. Мындан улам кооптонууга эч негиз жок", — деди Кудайназаров.

Ошондой эле ал учурда өлкө аймагы боюнча гемофилия менен ооруган 400гө жакын адам каттоодо турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0