Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыкназарова: быйыл мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация саат 9да башталат

© Фото / Нурчолпон РыскелдиеваБилим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова
Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова 11-класстын бүтүрүүчүлөрү 3-июндан 20-июнга чейин экзамен тапшыра турганын айтты.
Сыдыкназарова: быйыл мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация саат 9да башталат

Быйылкы окуу жылында мектептерде мамлекеттик аттестация бекитилген талаптарга ылайык саат 09:00дө башталат. Буга чейин саат 08:00дө башталып келген. Бул тууралуу Кылым Сыдыкназарова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүтүрүүчүлөр эреже боюнча милдеттүү түрдө төрт предметтен жана каалоосу боюнча бир сабактан экзамен тапшырат.

"11-класстын бүтүрүүчүлөрү 3-июндан 20-июнга чейин экзамен тапшырат. Милдеттүү түрдө математика, эне тили, Кыргызстандын тарыхы жана кыргыз тили сабактарынан сынак жүрөт. Ошондой эле геометрия, физика, химия, биология, география, чет тили, "адам жана коом", экономикага киришүү, информатика сабактарынын бирин тандап, окуучу каалоосу боюнча экзамен тапшырат", — деди ал.

Сыдыкназарова ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн экзамендер 3-18-июнь күндөрү өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0