Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Баланын виртуалдуу дүйнөдөгү коопсуздугун сактоонун 4 жолу аталды

© Sputnik / Табылды КадырбековКоммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов. Архив
Коммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов социалдык тармактар аркылуу өспүрүмдөргө баңгизатын сунуштап, ар кандай экстремисттик топторго азгырып, ал тургай өз жанын кыюуга үндөгөн адамдар болушу мүмкүндүгүн айтты.
Баланын виртуалдуу дүйнөдөгү коопсуздугун сактоонун 4 жолу аталды

Ата-эне тарабынан көңүл буруу жетишсиз болгон өспүрүмдөр социалдык тармактардан дос издей баштайт. Виртуалдык дүйнөдө өзүн жаш бала атап, бирок сиздин балага коркунуч алып келүүсү мүмкүн болгон кара ниет кишилер да жок эмес. Бул тууралуу Сейтек Курманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармакта дос күтүүдө балдар жашаган, окуган дарегин, ата-энесинин иштеген жерин сураган жаңы "достон" алыс болгону жакшы.

"Балаңыз социалдык тармакты колдонуп жатканда ал жакта кандай маалыматтар бар экендигин, кимдер менен достошуп жаткандыгын урушпай курбулардай кызыгып сураңыз. Эгер кооптуу бир нерсе байкасаңыз, ачууланбай түшүндүрүңүз. Эч убакта баланын өзүнүн уруксаты жок телефон, компьютерин алып, социалдык тармактагы аккаунттарын текшербеңиз. Бул ортодогу ишенимди бекемдейт. Уулуңуз же кызыңыз бир нерседен күмөн санап турганда оюн сиз менен бөлүшүп, биринчи кезекте сизден жардам суроого жол ачат. Эгер наристеңиз виртуалдуу дүйнөдө бир нерсени туура эмес кылып койгон болсо, жемелебеңиз. Бардык адамдар ката кетирерин айтып, абалдан чыгуунун жолдорун чогуу издеңиз", — деди адис.

Ал ошондой эле социадык тармакты колдонууда андагы жарыялаган постторду досторго гана көрүнүктүү кылып тууралап алуу, коопсуз экендигин балдарга түшүндүрүү зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0