Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакиров: учурда 14 акысыз юридикалык жардам берүү борбору түзүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКоординатор проекта "Молодые юристы Кыргызстана" Артур Бакиров
Координатор проекта Молодые юристы Кыргызстана Артур Бакиров  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын юридикалык клиникалык бирикмесинин президенти Артур Бакиров юридикалык клиникаларда бүтүрүүчү курстун стунденттери тарабынан жарандардын укуктары тууралуу акысыз кеңеш берилерин айтты.
Бакиров: учурда 14 акысыз юридикалык жардам берүү борбору түзүлдү

Акысыз укуктук жардам берүү борборлору жогорку окуу жайлардын юридикалык факультеттеринин базасында түзүлүп, учурда алардын саны он төрткө жетти. Бул тууралу юрист Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" уктуруусунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, юридикалык клиникада кеп-кеңеш берген студенттер мугалимдер тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

"Акысыз юридикалык жардам берүү борборлору Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда, Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө бар. Алар юридикалык факультети бар жогорку окуу жайларында ачылган. Учурда алардын саны он төрткө жетти. Аталган клиникаларда бүтүрүүчү курстун студенттери укуктук кеп-кеңеш беришет. Сапаттуу юридикалык жардам бериш үчүн борбордун өкүлдөрүн мугалимдер көзөмөлдөп турат", — деди юрист.

Ошондой эле ал жарандар ар аптада дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 09:00дөн тарта 17:00гө чейин юридикалык клиника борборлоруна кайрылып кеңеш алса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0