Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис ЖРТга кантип даярданса болорун айтып берди

© Sputnik / Асель АкматалиеваРуководитель Центра оценки в образовании и методов обучения (ЦООМО) Чынара Батракеева
Руководитель Центра оценки в образовании и методов обучения (ЦООМО) Чынара Батракеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева кыргыз жана орус тилдериндеги колдонмо китептер ЖРТдан жогору упай алууга жардам берерин айтты.
Адис ЖРТга кантип даярданса болорун айтып берди

Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданууга мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл ресурс көбүрөөк. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ЖРТга каттоодон өткөндөн кийин атайын акысыз китепче берилет, анда жалпы маалымат камтылган.

"Ал китептерден ЖРТга даярдануу жолдорунан баштап, тестирлөөнүн тартибине чейинки жалпы маалыматты тапса болот. Мындан тышкары, атайын кыргыз жана орус тилдериндеги колдонмо материалдар бүтүрүүчүлөргө чоң жардам берет. Алардын наркы 50-150 сом. Ошондой эле мурдагы жылдардагы чыгарылыштардын колдонмосун www.testingkg сайтынан жүктөп, онлайн тест, видео сабактар менен өз алдынча даярдана алышат. Буга катар эле сынамык тесттер ЖРТга максаттуу даярданууга жол көргөзөт", — деди Батракеева.

Ал Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору 2002-жылдан бери ЖРТны өткөрүп келе жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0