08:03 20 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Кыргыз Республикасынын эл артисти, искусство таануу илимдерини доктору, профессор Роза Аманова
© Sputnik / Азамат Тотубаев

Аманова: салттуу музыканы өнүктүрүүдө Кыргызстан 20-30 жылга артта калды

Радио
Кыскача шилтеме алуу
109 0 0

Кыргыз Республикасынын эл артисти, искусство таануу илимдерини доктору, профессор Роза Аманова өлкөдө алгачкы ирет 2004-жылы 25-апрелде салттык музыка боюнча илимий практикалык семинар өткөрүлгөнүн айтты.

2013-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан токтом чыгарылып, 25-апрель "салттуу музыка күнү" деп аталып калды. Ошондон бери ар жылы салттык музыка жумалыгы өткөрүлүп келет. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын эл артисти Роза Аманова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, салттык музыка республикада кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу 20-30 жыл артта калды.

"2004-жылы 25-апрелде салттуу музыканын алгачкы илимий-практикалык семинары өткөрүлгөн. Анда биз этномузыка таануучулардын башын бириктирип, аларга практикалык тарбия берүү максатын көздөгөнбүз. Иш-чарага коңшу өлкөлөрдөн искусство таануучулар да келген. Алардын бири өзбекстандык профессор Файзулла Караматов "салттуу музыканы илимий изилдөө жаатында Кыргызстан 20-30 жылга артта калган" деп айткан. Ошону менен катар эле ал салттуу музыка күндөрүн өткөрүүнү сунуштаган. Ошондон бери жыл сайын 25-апрелде аталган күндү белгилеп келебиз. Кийин "Кыргыз салттык музыка" фондусу түптөлдү. 2009-жылы Маданият министрлиги менен бирге кыргыз элинин манасчылык, дастанчылык, ырчылык, төкмөкчүлүк өңдүү улуттук өнөрүн өнүктүрүү багытында салттык музыка жумалыгын өткөрө баштадык. Ушул 15 жыл аралыгында салттык музыканы жайылтууда бир топ өзгөрүүлөр болду. Бирок дагы эле чече турчу маселелер көп ", — деди Аманова.

Ошондой эле ал салттык музыка жумалыгы быйыл 20-25-апрелде өткөрүлөрүн кошумчалады.

Тема боюнча

Нышанов: чыңыроон — кыргыздын байыркы аспабы
Белгилер:
жумалык, музыка

ЭҢ МААНИЛҮҮ