Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жакыпов: Кыргызстанда хоккей спорту өнүгүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековХоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов
Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов өлкөдө хоккей өнүгүп жатканын айтты.
Жакыпов: Кыргызстанда хоккей спорту өнүгүп жатат

Жаштардын хоккейге болгон кызыгуусу күч. Буга мисал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кыздардан түзүлгөн хоккей командасы пайда болду. Бул тууралуу Мурат Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, хоккей оюну ушундай жол менен өнүгүп отурса, 10-15 жыл ичинде дүйнөгө белгилүү кыргыз оюнчулары чыгышы мүмкүн.

"Кыргызстанда хоккейге кызыккандар көбөйүүдө. Ысык-Көл облусунда кыздар командасы түзүлгөнү буга мисал. Ат-Башы районунда болсо мектеп администрациясы өз күчү менен муз аянтчасын жасап, мектеп программасына киргизип отурат. Жумгал районунда Миң-Куш эски базасын жаңылоо аракеттери болуп жатат", — деди Жакыпов.

Спортчу өз кезегинде Хоккей федерациясы жеткинчектерди аталган спорттун түрүнө тартууга аракеттерди көрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0