Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырова: Бишкекте быйыл майыптыгы бар 12 жаран иш менен камсыздалды

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава отдела по обеспечению труда Ленинского района столицы Гулжан Кадырова
Глава отдела по обеспечению труда Ленинского района столицы Гулжан Кадырова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Бишкек шаардык калкты иш менен камсыздандыруу башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Кадырова 2019-жылы борбор калаа боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 155 жаран жумушсуздугу боюнча каттоого алынгандыгын айтты.
Кадырова: Бишкекте быйыл майыптыгы бар 12 жаран иш менен камсыздалды

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында майыптыгы бар тогуз жаран кыска мөөнөттүү атайын курстарды аяктаган. Ошондой 12 киши иш менен камсыздалды. Бул тууралуу Гүлжан Кадырова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, майыптарды жумуш менен камсыз кылуу үчүн бул жылы Бишкек шаардык райондук муниципалдык администрациялар тарабынан 143 квота бөлүндү.

"Эмгек кодексинин 314-беренесинин негизинде Бишкек мэриясы тарабынан майыптыгы бар жарандар үчүн жыл сайын квота берилет. Ага ылайык, быйылкы жылы 143 квота бөлүндү. Натыйжада биринчи кварталдын эсеби менен тогуз жаран кыска мөөнөттүү курстардан окуду, 12 киши жумуш менен камсыздалды. Ал эми 2018-жылы жалпы 155 квота бөлүнгөн. Бирок анын негизинде майыптыгы бар бир гана адам ишке орношо алган болчу. Анткени айлык аз. Азыркы тапта 5-6 миң маяна менен шаарда иштеш кыйын. Андан сырткары, эмгек шарттары майыптардын ден соолугуна туура келбей калган учурлар бар. Мына ушундай көйгөйлүү маселелер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди иш менен камсыздоодо кыйынчылык жаратып жатат", — деди бөлүм башчы.

Ошондой эле ал квота бөлгөн мекеме, ишканалар майыптыгы бар жарандарды милдеттүү түрдө жумушка ала тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0