Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исакова: жашоодо айта албаган нерсени сахнадан айтууга мүмкүнчүлүк бар

© Sputnik / Асель АкматалиеваАктриса, режиссер Жаңылай Исакова
Актриса, режиссер Жаңылай Исакова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актриса, режиссер Жаңылай Исакова сахнада роль жаратуу үчүн талыкпаган изденүү жана жоопкерчилик талап кылынарын айтты.
Исакова: жашоодо айта албаган нерсени сахнадан айтууга мүмкүнчүлүк бар

Жашоодо айта албаган нерсени сахнадан айтууга актерлордо мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу Жаңылай Исакова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, актер бир образды жаратууда ошол каарман тууралуу гана ойлонушу шарт.

"Актер сахнада ар кандай образды жаратат. Бир ролдон экинчисине өтүп жатканда өзүңдүн адаттарыңды унутууга тийишсиң. Берилген образды толук кандуу ачып берүү үчүн ошол роль тууралуу гана ойлонуп, ошол каармандын жашоосун сахнада жашайсың. Бир образга сүңгүп киргенде гана мурда ойногон ролдоруң бири-бирине окшобой жаралганга шарт түзүлөт. Биздин кесиптин татаалдыгын түшүндүрүү кыйын. Айрым учурда тамактанууга да убакыт жок болуп калат. Актерлордун жумушу жеңил деп башкалар ойлошу мүмкүн. Бирок бир эле ролду жаратуу үчүн канчалаган изденүү жана жоопкерчилик талап кылынат. Биздин кесиптин дагы бир артыкчылыгы — жашоодо айта албай жаткан нерселерди сахнадан айтууга мүмкүнчүлүк бар", — деди Исакова.

Ал актерлордун жашоосу кызыктуу экенин жана алар сахнада башка, жашоодо башка адам экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0