Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Комузчу: Москвада өткөн фестивалда байгелүү беш орунду багындырдык

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборуна караштуу "Кыргыз көчү" комузчулар ансамблинин жетекчиси Мастура Бердибекова
Сейтек балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборуна караштуу Кыргыз көчү комузчулар ансамблинин жетекчиси Мастура Бердибекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сейтек" балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборуна караштуу "Кыргыз көчү" комузчулар ансамблинин жетекчиси Мастура Бердибекова шакирттеринин 28-марттан тарта 2-апрелге чейин Москвада өткөн "XXI кылымдын балдары" аттуу эл аралык фестивалына катышып келгенин айтты.
Комузчу: Москвада өткөн фестивалда байгелүү беш орунду багындырдык

Фестиваль өспүрүмдөрдүн жана балдардын инсандык, чыгармачылык өнүгүүсүнө багытталган. Аталган фестивалда фольклордук музыка жанрынан "Кыргыз көчү" ансамблинин жаш комузчулары үч ирет 1- орун, бир жолу 2-орун алып, Гран прини багындырды. Жалпы беш кубок менен кайтты. Бул тууралуу топтун жетекчиси Мастура Бердибекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, фестивалдын катышуучулары жана калыстар тобу комузга жогору баа беришкен.

"Москвада өткөн өспүрүмдөрдүн жана балдардын инсандык, чыгармачылык өнүгүүсүнө багытталган "XXI кылымдын балдары" аттуу эл аралык фестивалы бир нече жанрды камтыды. Алар — бий, театр, көркөм өнөр, көркөм сөз, вокал, эстрада жана фольклор жанрлары. Биз салттуу музыка жанры боюнча кароо-сынакка катыштык. Жыйынтыгында беш байгелүү орунду ээледик. Акмаанай Асанбекова аттуу шакиртим жеке аткаруучулук бөлүктө баш байгени утуп алды. Айсанат Абдирасулова, Исабек Кудайбердиев жана жалпы шакирттерим ансамбль номинациясында биринчи орунду багындырса, дагы бир окуучум Дария Турдубаева экинчи орунду ээледи. Жалпы беш кубок менен кайттык. Айта кетсем, фестивалдын катышуучулары комуз чертүү өнөрүнө жогору баасын беришип, суктанып угушту", — деди устат.

Ошондой эле ал 25-апрель өлкөдө "Салттуу музыка күнү" экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0