Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тажиева: Ысык-Көлдө жаш көрүүчүлөр театрларынын эл аралык фестивалы өтөт

© Sputnik / Асель АкматалиеваБакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Кыял Тажиева
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Кыял Тажиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Кыял Тажиева ушул жылдын июнь айынын соңунда жаш көрүүчүлөр театрларынын башын бириктирген фестиваль өтөрүн айтты.
Тажиева: Ысык-Көлдө жаш көрүүчүлөр театрларынын эл аралык фестивалы өтөт

Аталган фестивалга азырынча КМШ өлкөлөрү чакырылууда. Уюштуруучусу Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры болуп саналат. Бул тууралуу Кыял Тажиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай иш-чара өлкө аймагында алгачкы жолу уюштурулууда.

"Жаш көрүүчүлөр театры азыркы учурда "кантип элди театрга тартуу керек" жана "канткенде театрды эл аралык аренага чыгара алабыз" деген эки маселенин үстүндө эмгектенип жатат. Жетекчибиз Жолдошбек Жанжигит уулу бул максатта Өзбекстанда өткөн жаш көрүүчүлөр театрларынын бүткүл дүйнөлүк форумуна катышып келди. Ал жактан бир топ жаңылыктарды алдык. Мисалга биз дагы мындан ары башка мамлекеттерге окшоп, окуучуларга, студенттерге деп өз-өзүнчө багыттарга бөлүнгөн чыгармаларды коюуга кириштик. Ошондой эле театрды эл аралык деңгээлге чыгаруу максатында ушул жылдын июнь айында жакынкы өлкөлөрдөгү жаш көрүүчүлөр театрларын чакырып, Ысык-Көлдө фестиваль өткөрүүгө камынып жатабыз. Фестиваль 4-5 күнгө созулуп, анын алкагында Өзбекстан, Казакстан, Россия, Тажикстандан келген артисттер спектакль тартуулашат", — деди Тажиева.

Ал аталган иш-чара демөөрчүлөрдүн каражатына өткөрүлөрүн жана учурда колдоо көрсөтөм деген инсандарды издеп жатышкандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0