Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ютубер YouTube каналынан качан акча түшүп баштарын айтып берди

© Sputnik / Асель АкматалиеваЮтубер Талант Сагынбаев
Ютубер Талант Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ютубер Талант Сагынбаев өзү учурда үч YouTube каналын иштетип, каражат таап жатат.
Ютубер YouTube каналынан качан акча түшүп баштарын айтып берди

YouTube каналына 1000 катталуучу катталып, андагы видеолордун көрүлгөн сааты 4 миңден ашкандан кийин акча түшүп баштайт. Бул тууралуу Талант Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы шарттар аткарылган соң YouTube компаниясына билдирме жиберилет.

"YouTube каналынан акча табуу үчүн эң алгач канал ачып, элге кызыктуу видеолорду тартып, жүктөп туруш керек. Ишти жаңыдан баштаганда видеолорду уюлдук телефондун камерасына эле тартып, каналга жайгаштырып турса болот. Башында YouTube каналын бир аз билүү жетиштүү. Бара-бара тажрыйба аркылуу терең түшүнүүгө шарт түзүлөт. Андан каражат табуу үчүн ютубердин каналына 1000 катталуучу жазылып, жайгаштырылган видеолорунун көрүлгөн сааты 4 миң сааттан ашууга тийиш. Анан YouTube каналына билдирме жиберилип, аларга жакса акча төлөй баштайт", — деди Сагынов.

Ютубер эгер каналга жүктөлгөн видеолор YouTube компаниясынын талаптарына жооп бербей калса, билдирмеден баш тартарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0