Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Байболов: партиялар Кыргызстандагы үрүп чыккан итке чейин бөлүп алышты

© Sputnik / Асель АкматалиеваЖогорку Кеңештин I, II, III чакырылышынын депутаты Кубатбек Байболов
Жогорку Кеңештин I, II, III чакырылышынын депутаты Кубатбек Байболов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин I, II, III чакырылышынын депутаты Кубатбек Байболов партиялык системадагы шайлоо өлкөдө кесипкөй кадрлардын таңкыстыгына алып келгендигин айтты.
Байболов: партиялар Кыргызстандагы үрүп чыккан итке чейин бөлүп алышты

Кыргызстандын кайсы тармагын албайлы, чыныгы кесипкөй кадрлар аз. Партиялык шайлоо системасына өткөндөн бери бул маселе көйгөйгө айланды. Мындай пикирин Кубатбек Байболов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө парламенттик жолду тандаганы туура, бирок партиялык шайлоо системасы кыргыз менталитетине төп келбейт.

"Экономикта тармагындагы адистерибиз көп, бирок теория жүзүндө аныктап, тактап, өлкөнү өнүктүрүү жолдорун жазып берген бир дагы сабаттуу адис жок. Баш мыйзамды бат-баттан алмаштырганыбыз менен биздин өлкөгө мындай мыйзам туура келет, мунусун өзгөртүү керек, тигинисин калтыруу керек деп элдин көзүн ачкан сабаттуу бир да конститутционалист жок. Мындай кадр таңкыстыгы Кыргызстанда мурда эле бар болчу. Бирок партиялык шайлоо системасына өткөн соң курчуп кетти. Анткени фракциялар кесипкөй адистерди кызматка коюп элдин маселесин чечүүгө эмес, өз партиясынын тамырын бекемдөөгө тырышат. Ошондуктан керек болсо үрүп чыккан итке чейин бөлүп алышты", — деди Байболов.

Ал өзү саясаттан биротоло кеткендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0