20:17 18 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова
© пресс-служба мэрии города Бишкек

Алмамбетова: Токтогул көчөсү 30-майга чейин жабылат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
440 0 0

Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова 2-апрелден 30-майга чейин Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү жабыларын айтты.

Токтогул көчөсүнүн Жусуп Турусбеков менен Тараз Шевченко көчөлөрүнүн ортосундагы аралыгы жылуулук түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган көчө тилкеси белгиленген мөөнөттөн эртерээк деле ачылып калышы мүмкүн.

"2-апрелден 30-майга чейин Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул жылуулук түтүктөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Алдын ала аткарылчу иштер 30-майда бүтөт деп болжолдонгону менен эгер күн ачык болуп турса, ага чейин деле аяктап калышы мүмкүн. Андыктан шаар тургундарын жана конокторун түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз", — деди Алмамбетова.

Ал жаз, жай мезгилинде мындай оңдоп-түзөө иштери маал-маалы менен башка көчөлөрдө да жасаларын кошумчалады.

Белгилер:
ремонт, көчө, Гуля Алмамбетова

ЭҢ МААНИЛҮҮ