Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Депутат: мектепке электрондук кезекке турууда техникалык мүчүлүштүктөр бар

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Адиса Имангазиева. Архив
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Адиса Имангазиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Адиса Имангазиева быйыл мектепке башталгыч класстын окуучулары электрондук тизме менен кабыл алынарын айтты.
Депутат: мектепке электрондук кезекке турууда техникалык мүчүлүштүктөр бар

Окуучуларды электрондук кезекке тургузууда маселе жараткан учурлар бар. Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам айрым көчөлөр тизмеге кирбей калган. Бул тууралуу Адиса Имангазиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындан улам өзүнчө кезек түзүү да сунушталууда.

"Быйылкы окуу жылынан баштап башталгыч класстарга балдар электрондук тизме менен кабыл алына баштайт. Бирок техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам айрым көчө аттары тизмеде жок болуп чыгууда. Ошондой эле Афган согушунун, Баткен согушунун катышуучуларынын балдарына кезек күтүүдө жеңилдиктер каралбай калыптыр. Учурда бул багытта иштер жүрүп жатат. 2019-2020-окуу жылына карата жаралган маселелер чечилет деп ишенем", — деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал балдар электрондук кезек аркылуу өз аймагындагы мектептен билим алса, окууга каттоодогу транспорт көйгөйү да чечилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0