Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаналиев: тамыры куурап калган көчөттү отургузуудан абайлаш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Рысалы Жаналиев. Архив
Бишкек шаарынын жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Рысалы Жаналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Рысалы Жаналиев ишембиликте тигилген бак-дарактарга суу куюлуп, каралып жатканын айтты.
Жаналиев: тамыры куурап калган көчөттү отургузуудан абайлаш керек

Көчөт отургузууда бир канча шартты эске алыш керек. Тигилген бак-дарактарды убагында сугаруу өтө маанилүү. Бул тууралуу Рысалы Жаналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эң башкысы, отургузула турган көчөттүн тамыры куурап калбашы керек.

"Бак-дарактар тигиле турган жерде биринчиден суу жетиштүү, экинчиден, ал жер тебелендиде калбаган же унаа сүзүп кетпей турган жер болууга тийиш. Үчүнчүдөн, көчөттүн тамырынын абалына жакшылап маани берип, ал куурап калбаган болуш керек. Ошондой эле таштак эмес, топурактуу жерде бак жакшы чоңоет. Биздин ишкана тарабынан учурда топурагы аз жерлерге топурак жеткирүү иштери жүрүп жатат", — деди Жаналиев.

Ал 2019-жылы 10 миңдин тегерегинде бак отургузуу каралганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0