Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетова: айлыктын аздыгынан жаштарыбыз чет өлкөдө калууда

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель социального отдела Бишкекской мэрии Майрам Мамбетова
Руководитель социального отдела Бишкекской мэрии Майрам Мамбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы Майрам Мамбетова айлыктын аздыгынан жаштардын көбү мамлекеттик кызматтарда иштегенди каалабай турганын айтты.
Мамбетова: айлыктын аздыгынан жаштарыбыз чет өлкөдө калууда

Чет жактан билим алган жаштардын көбү окуусун аяктагандан кийин ошол өлкөдө калууну каалап жатат. Мындай пикирин Майрам Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта күчтүү кадрлар башка мамлекетте кызмат кылып жүрөт.

"Жаштардын көбү чет мамлекетте билим алгандан кийин ошол жакта калууга аракет жасап жатат. Бул нерсеге ошол шаарга көнүп калуу, ал жерди жактыруу жана айлык маянанын жетиштүүлүгү себеп болууда. Көпчүлүк жаштарды эң биринчи кезекте айлык акы кызыктырат. Маянанын аздыгынан жаштардын көбү мамлекеттик кызматтарда иштөөнү каалабайт. Жеке пикиримде ушул нерседен уламбы, айтор, күчтүү кадрлар чет мамлекетте иштеп жүрөт", — деди Мамбетова.

Ал ошол эле учурда чет жерден билим алып келип, мекен үчүн кызмат кылган жаштар да бар экенин кошумчалап өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0