Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Итибаев: чет жакта донордук орган 18 миң доллардан башталат

© Sputnik / Эркин СадыковПредседатель Ассоциации иностранных инвесторов Кыргызской Республики Кайрат Итибаев
Председатель Ассоциации иностранных инвесторов Кыргызской Республики Кайрат Итибаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын чет элдик ишкерлерди колдоо комитетинин төрагасы Кайрат Итибаев Кыргызстанда трансплантологиянын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маанилүү экенин айтты.
Итибаев: чет жакта донордук орган 18 миң доллардан башталат

Эл оор операцияларды чет жерден жасатууга мажбур болууда. Бул тууралуу Кайрат Итибаев Sputnik Кыргызстан радиосунун медициналык туризм тууралуу эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бөйрөктү алмаштыруу боюнча донордук органдын баасы 18 миң доллардан башталат.

"Туугандардан донордук материал жок болгон учурда адам аргасыздан өзүнүн коопсуздугуна карабастан, сыртка чыгып, чет жерден операция жасатууга мажбур болууда. Чет мамлекетте да баалар ар түрлүү. Мисалы, бөйрөктү алмаштыруу боюнча донордук орган Пакистанда жана Индияда 18 миң доллардан башталса, Түркияда 35 миң доллардын тегерегин түзөт. Боорду алмаштыруу Түркияда 85 миң доллардан жогору. Андыктан трансплантологиянын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, Кыргызстанда оор операцияларды жасоого шарт түзүп берүү зарыл", — деди Итибаев.

Ал ошондой эле медициналык туризмди өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0