16:37 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева
© Sputnik / Асель Акматалиева

Сатыбалдиева: кан бергенден кийин табит ачылып, адам жакшы уктай баштайт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
219 0 0

Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева донор болуунун организмге тийгизген пайдасын санап өттү.

Чет өлкөдө донор болгон адам баатыр болуп эсептелет. Кан берүү менен жардам бере аларын көрсөтөт. Бул тууралуу Айганыш Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кан бергенден кийин адамдын табити ачылып, жакшы уктай баштайт.

"Канга муктаж адамдарга башка өлкөнүн жарандары келип кан бербейт. Ошондуктан аларга Кыргызстанда жашап жаткан гана кишилер жардам бере алат. Биздин борбордо канга муктаж болгондордун саны үзүлбөйт. Донор болчу киши паспорт же айдоочулук күбөлүгү менен келип, текшерүүдөн өтүп, кан берип кетет. Мисалы, чет мамлекеттерде донорлор баатыр катары саналат. Алар кан берүү менен ден соолугуна бир топ пайда да алып келе алат. Кан бергенден кийин организмдеги зат алмашуу батыраак иштеп, табит ачылат, адам жакшы уктай баштайт", — деди Сатыбалдиева.

Ал Кыргызстанда 1000 кишиге 5-6 гана донор туура келерин кошумчалады.

Тема боюнча

Окумуштуулар өлүмдү эрте чакырган азык-түлүктөрдү тизмектеди
Белгилер:
кан тапшыруу, донор, медицина

ЭҢ МААНИЛҮҮ