Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Батракеева: ЖРТ тапшырчулар 4-апрелге чейин катталышы керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваБилимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева каттоодон өтпөгөн абитуриент ЖРТдан өтө албай турганын айтты.
Батракеева: ЖРТ тапшырчулар 4-апрелге чейин катталышы керек

Жалпы республикалык тестирлөө тапшырам деген абитуриенттер сөзсүз каттоодон өтүшү керек. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 18-февралда башталган каттоо 4-апрелде жыйынтыкталат.

"ЖРТга даярдык азыркы учурда өтө кызуу жүрүп жатат. Анткени майга чейин аз эле убакыт калды. ЖРТ тапшыруучулар үчүн 18-февралда башталган каттоо 4-апрелге чейин созулат. Кимде-ким тестирлөөдөн өтөм деп, бирок буга чейин кабардар болбосо, каттоодон өтүшү шарт. Катталган гана абитуриент ЖРТ тапшыра алат", — деди Батракеева.

Ал тестирлөө дептерлери даярдалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0