17:04 19 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8489
  • EUR75.4648
  • RUB1.0967

Тажиева: спектаклдердин афишаларын базарларды кыдырып таратып жатабыз

Радио
Кыскача шилтеме алуу
95 0 0

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Кыял Тажиева аталган театр репертуарын мектеп окуучуларына жана студенттерге ылайыкташтырып өзгөртүп жатканын айтты.

Былтыр аймактарды өнүктүрүү жылына жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Биринчи мугалим" повестинин негизинде коюлган спектаклди Чүй облусунун бардык айылдарын кыдырып коюп чыктык. Алдыда Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын окуучуларына сунуштайбыз деп турабыз. Бул тууралуу Кыял Тажиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган театрда Эммануэль Шмиттин "Оскар жана Кызгылт аял" романынын негизинде "Учак каты" деп аталган спектакль орус тилинде коюлуп, учурда кыргызчага которуу иштери жүрүүдө. Мындан сырткары, каалоочулар Тунджер Джюдженоглунун "Көчкү" психологиялык чыгармасын да 28-29-мартта көрө алышат.

"Эгемендүүлүк алгандан бери элдин театрга болгон кызыгуусу төмөндөп кетти деп айтышат. Мен бул жерде күнөө көрүүчүлөрдө эмес, театр кызматкерлеринде окшойт деп калдым. Кызыкпагандыктан эмес, эл маалыматтын жетишсиздигинен театр босогосун аттабай калгандай. Соңку учурларда биздин жамаат ар бир боло турчу спектаклдин аннотациясын жазып, постер афишаларды чыгарып, эринбей базарларга чейин барып, элге бирден таратып жатабыз. Базардагы сатуучуларды театрга чакырып, спектакль тууралуу айтып берип, маалымат баракчасын бергенде көздөрүнөн күйүп турган кызыгууну көрүп, кубанабыз. Албетте, түйшүктүү иш болгону менен калкка театр тууралуу маалымат жеткирүүдө эффективдүүлүгүн көрсөтүүдө", — деди Тажиева.

Ал жогоруда аталган спектаклдердин билет баасы 100 сомдон 200 сомго чейин экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Чынара Эсенгул: маданияты төмөн өлкөдө экономика эч качан өнүкпөйт
Белгилер:
спектакль, аймактар, театр

ЭҢ МААНИЛҮҮ