Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамшиев миграциялык жеңилдиктен кимдер пайдаланса болорун айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев. Архив
Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев Россиянын аймагында миграциялык мыйзамды бузуп жүргөн кыргызстандыктарды 2019-жылдын 22-апрелине чейин миграциялык жеңилдиктерден колдонууга чакырып кетти.
Шамшиев миграциялык жеңилдиктен кимдер пайдаланса болорун айтты

Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандарына "Миграциялык мунапыс" биринчи жолу берилген жок. Бул тууралуу Улан Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай жеңилдикти убагында каттоодон өтпөй калган жана административдик жоопкерчиликке тартылган кыргызстандыктар колдоно алат.

"Миграциялык жеңилдиктер буга чейин да берилип келген. Аны мыйзамды бузуп жүргөн мекендештер колдоно алат. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өзүнүн миграциялык тарыхын жаңы барактан баштоого жарандарыбызды чакырабыз. Мындай жеңилдик РФтин аймагына кирип, убагында миграциялык каттоого турбай калгандарга жана Россиянын аймагында бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылгандарга тиешелүү", — деди Шамшиев.

Ал 2018-жылы РФтин аймагында жүргөн 100 миңден ашык жаран миграциялык жеңилдикти колдонгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0