Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошева: быйыл Бишкекке эки миллиондон ашуун түп гүл отургузулат

© Sputnik / Жоомарт УраимовГлавный агроном МП "Зеленстрой" Эльнура Жолдошева
Главный агроном МП Зеленстрой Эльнура Жолдошева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын "Жашылчарба" муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошева борбор калаага 2 миллион 200 миңге жакын гүл отургузуларын айтты.
Жолдошева: быйыл Бишкекке эки миллиондон ашуун түп гүл отургузулат

Быйыл борбор калааны жашылдандырууда гүлдөргө басым жасоодобуз. Бул тууралуу Элнура Жолдошева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул гүлдөрдүн баары бир жылдык болуп эсептелет.

"2019-жылы борбор калаага отургузулчу бир жылдык гүлдөрдүн саны 2 148 403 даананы түзөт. Былтыр бул көрсөткүч 1 150 525 болчу. Быйыл андан эки эсе көп гүл тигүүдөбүз. Жалпысынан 28 түрү бар. Арасында тагетис, сальвия, георгин, пеларгония, тунбергия, цинерария, антирринум, агератум, бегония, колеус, катарантус, канна, седум, лобелия зональная, алиссум, стахис, портулак, каланхоэ, кохия, агератум, гацания, петуния, вербена, буксус, агава, лобелия, кооз капуста, гипсофиланы кездештирүүгө болот. Бул гүлдөр шаардын төрт районунан сырткары Бишкектин балансына кирген беш сейил бакка да эгилет. Учурда гүл отургузулчу жерлер даярдалып жатат", — деди адис.

Ал шаардыктарды гүлдөргө аяр мамиле кылууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0