Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Имангазиева: Бишкекте абаны үч нерсе булгайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат БГК Адиса Имангазиева
Депутат БГК Адиса Имангазиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Адиса Имангазиева борбор калаанын абасынын булганышына негизги үч фактор себепкер болуп жатканын айтты.
Имангазиева: Бишкекте абаны үч нерсе булгайт

Мен өзүм Бишкекте төрөлүп өскөм. Биз кичинекей кезибизде деле калаанын үстү кара түтүн болуп турчу. Бирок анда ЖЭБден чыккан түтүн ошондой көрүнчү. Бул тууралуу Адиса Имангазиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып айтып берди.

Ал учурда Бишкек жылуулук электр борборунда заманбап фильтрлер коюлгандыктан, мурдагыдай капкара эмес, боз түстөгү түтүн чыгарын белгиледи.

"Абанын булганышын көпчүлүк ЖЭБден көрөт. Бирок чындыгында көйгөйдү жаратып жаткан башкы маселе — башаламан курулган көп кабаттуу үйлөр. Компаниялар шаардын башкы планына дал келбеген эле курулуштарды жүргүзүп жатат. Мурда калаага бир нерсе куруларда шамалдын кайсы багыттан кирип, кайсы тараптан чыгары да эсептелчү. Тилекке каршы, азыр буга бир да курулуш компаниясы көңүл бурбайт. Аларга мыйзам жүзүндө да эч кандай тыюу сала албайбыз. Анткени үйлөрдү сатып алган менчик жерлерге куруп жатышат. Мыйзам боюнча жеке менчиктеги жерин саткан адамга барып биз эч нерсе дей албайбыз. Ушунун кесепетинен канчалаган туура эмес көп кабаттуу үйлөр салынып кетти. Жыйынтыгында мончолордон, автоунаалардан, ошол эле ЖЭБден чыккан түтүн сыртка чыкпай, шаардын ичинде буулуп калып жатат. Мындан сырткары, албетте, эски унаалар, мончолорго жагылган синтетикалык заттар да көйгөй жаратууда ", — деди депутат .

Эл өкүлү бул көйгөйдү бир эле шаардык кеңештин депутаттары эмес, экологдор, архитекторлор да айтып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0