Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулова: улуттук тамактар унутта калды

© Sputnik / Асель АкматалиеваДиректор бишкекского лицея №10 Саадат Жаманкулова
Директор бишкекского лицея №10 Саадат Жаманкулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарындагы №10 кесиптик лицейинин директору Саадат Жаманкулова үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын тарта аталган окуу жайда этноашканага басым жасала турганын айтты.
Жаманкулова: улуттук тамактар унутта калды

Улуттук тамак-аштар унутта калды. Аны тезинен жаштарга үйрөтүү керек. Мындай пикирин Саадат Жаманкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, №10 кесиптик лицейинин окуучулары европа ашканасын жетиштүү деңгээлде өздөштүрдү, эми кезек улуттук ашканага келди.

"Кыргыздын улуттук тамагы болгон көжөнү даярдаганды жаштар эмес, улуу муундагылар деле билбей калды. Негизи эле улуттук ашканабыз унутта калып, эми-эми көңүл бурула баштады. Биздин окуучулар европа ашканасын өздөштүргөндөн кийин ата-бабаларыбыз жасаган тамактарды бышырганды үйрөнүп жатышат. Акырындап нукура тамак-ашты даярдоого басым жасап жатабыз. Буюрса сентябрь айынан тарта атайын этноашкана деген сабакты киргизүү каралууда", — деди директор.

Ал ошондой эле 2019-2020-окуу жылында №10 жана №92 кесиптик лицейлер кошулуп, бир окуу жай болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0