Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдесова: "Маданият төңкөрүшү" иш-чарасы республика боюнча өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековОдин из организаторов проекта "культурный переворот" Айжан Абдесова
Один из организаторов проекта культурный переворот Айжан Абдесова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Маданият төңкөрүшү" долбоорунун уюштуруучуларынын бири Айжан Абдесова аталган долбоор 24-марттан 7-апрелге чейин өлкө аймагында өткөрүлөрүн айтты.
Абдесова: "Маданият төңкөрүшү" иш-чарасы республика боюнча өтөт

Долбоордун башкы максаты — Кыргызстанды маданияттуу, өнүгүүгө умтулган өлкө катары дүйнөгө таанытууга салым кошуу. Бул тууралуу Айжан Абдесова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чараны ар кайсы кесип ээлеринен түзүлгөн демилгечи топ уюштурууда.

"Бул долбоор - коомдук иш-чара. Аны бирөөгө же бир мекемеге байлабайбыз. Автору да жалпы уюштуруучулар. Алардын ичинде көрүнүктүү дизайнерлер, маданият өкүлдөрү, ишкерлер жана IT адистери бар. Баарынын максаты — Кыргызстанды саясий революциялардын мекени катары эмес, маданияттын очогу, өзүнүн кылымдар бою келе жаткан үрп-адат, салт-санаасы бар улуу улут катары таанытуу. Албетте, маданият өнүгүүсү үчүн экономика күчтүү болушу керек. Ал эми күчтүү экономика маданияттуу өлкөдө гана жаралары чындык. Бул эки багыт бири-бирине ушунчалык айкалышып тургандыктан, бири-биринен бөлүп кароого мүмкүн эмес. Андыктан, биз долбоордун алкагында креативдүү экономиканы элге жайылтууга, карапайым калк арасында ишкерликке чыгармачылык менен кароого, IT тармагын мыкты өздөштүрүп, өз жашоосунда колдонууга үйрөтүүгө аракет кылабыз", — деди Абдесова.

Ал мындай иш-чара Кыргызстанда алгачкы ирет уюштурулуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0