Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаанбаев: сүмөлөк — кыргыздын тамагы эмес

© Sputnik / Асель Акматлиева"Дил Ордо" коомдук бирикмесинин жетекчиси Орунбек Жаанбаев
Дил Ордо коомдук бирикмесинин жетекчиси Орунбек Жаанбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дил Ордо" коомдук бирикмесинин жетекчиси Орунбек Жаанбаев кыргыздын экологиялык жактан таза тамактарын жайылтуу керектигин айтты.
Жаанбаев: сүмөлөк — кыргыздын тамагы эмес

Байыркы кыргыздар Ноорузда сүмөлөк эмес, көжө тамагын жасашкан. Бул тууралуу Орунбек Жаанбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сүмөлөк — кыргыздын тамагы эмес.

"Чын-чынына келгенде сүмөлөк кыргыздардын тамагы эмес. Аны Пакистан, ирандыктар жасашкан. Байыркы кыргыздар Нооруз майрамында сүмөлөк эмес, улуттук тамак деп эсептелген көжө кайнатышкан. Ага озолон деген чөп кошулган, эт да салышкан. Озолон кошулган эт бузулбайт. Көжөнүн жасалышын, тарыхын кийинки муундарга үйрөтүшүбүз зарыл. Мисалы, грузин калкынын шишкебеги, уйгурлардын лагманы, өзбек элинин мактана турчу палоосу бар. Ал эми кыргыздар бешбармактан башка улуттук тамактарыбызды даңктай албай жатабыз", — деди Жаанбаев.

Ал кыргыздардын байыркы тамагын көпчүлүк билбегени өкүнүчтүү экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0