Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сейталиева: волейбол оюну үчүн бардык нерсеге жетишип келебиз

© Sputnik / Табылды КадырбековКапитан волейбольной команды "Дилгир" Алтынай Сейталиева
Капитан волейбольной команды Дилгир Алтынай Сейталиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дилгир" волейбол клубунун капитаны Алтынай Сейталиева өзү акушер-гинеколог болуп иштерин айтты.
Сейталиева: волейбол оюну үчүн бардык нерсеге жетишип келебиз

Соңку кезде кыз-келиндердин волейбол клубдары ачылып, түрлүү турнирлер өтүп жатат. Бул тууралуу Алтынай Сейталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган клубдагы аялдар волейбол оюнун абдан жакшы көрүп, ал үчүн бардык нерсеге даяр.

"Биздин клубдагы волейбол ойногон аялдар бардык нерсеге жетишкенге аракет кылып келебиз. Өзгөчө турнир алдында балдарыбыздын тамак-ашын камдап, кийимдерин жууп, үй жумуштарынын баарын жасап коебуз. Анткени бизге волейбол оюну стимул берип шыктандырат. Жумасына 2-3 жолу машыгууга баруу биздин ден соолугубузга абдан пайдалуу. Соңку кезде аялдарга арналган спорттук клубдардын ачылышы жана жаңы турнирлердин пайда болушу кубантарлык көрүнүш", — деди Сейталиева.

Ал эненин дени сак болсо улуттун да саламаттыгы чың болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0