Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мусаева: мектептеги таттуу токоч жана чай балдардын ден соолугуна пайдасыз

© Sputnik / Эркин СадыковБилим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева
Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева мамлекет тарабынан мектеп тамагына бөлүнгөн 17 сом жетишсиз экендигин айтты.
Мусаева: мектептеги таттуу токоч жана чай балдардын ден соолугуна пайдасыз

Учурда окуучуларга берилип жаткан чай жана токочтор балдардын туура тамактануусун шарттабайт. Ошондон улам 2013-жылы мектептерде ысык тамак берүү долбоору иштелип чыккан. Аталган демилгени 2022-жылга чейин толук кандуу ишке ашырып, өлкө аймагындагы бардык мектептерди ысык тамак менен камсыз кылуу максатталууда. Бул тууралуу Назгүл Мусаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча мектептердин 60 пайызы ысык тамак берүү долбооруна кирди.

"2022-жылга чейин өлкөдөгү бардык мектептерде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилип калат. Бул демилге мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат жана өнөктөштөрдүн жардамынын негизинде ишке ашырылууда. Бирок айрым мектептер санитардык талаптарга жооп бербей, таза суу жана тийиштүү жабдыктар жок болгондуктан долбоорго кире албай жатышат. Суусу жок болгон жерде ысык тамак берүү кооптуу болуп эсептелет. Ага карабастан учурда 1371 мектеп аталган программага кирди. Башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусуна жыл сайын мамлекеттен 500 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт", — деди Мамытова.

Ошондой эле ал башталгыч класстардын окуучуларынын тамактануусун жакшыртууга күнөскана өңдүү көмөкчү чарбалар да тартылып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0