23:38 22 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6480
  • EUR78.1346
  • RUB1.1059
Бишкек мэриясынын Шаардык чарба департаментинин көрктөндүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Нургүл Мамытова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Мамытова: 1500 чарчы метр арык тазаланат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
103 0 0

Бишкек мэриясынын Шаардык чарба департаментинин көрктөндүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Нургүл Мамытова 1-марттан 31-майга чейин Бишкек шаарын көрктөндүрүү багытында мэрия тарабынан үч айлык жарыялангандыгын айтты.

1-марттан тарта Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан ордо калааны көрктөндүрүү жана жашылдандырууга арналган ишембиликтер өткөрүлө баштады. Ага мекеме, ишканалар жана шаар тургундары тартылып, жалпы жонунан калаадагы 230 чарчы метр аймакты санитардык тазалоо пландалууда. Бул тууралуу Нургүл Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринин "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишембиликке 300гө жакын мекеме, уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъектилер 12 миңге жакын шаар тургундары жана райондук администрациялар тарабынан 18 адистештирилген техника бирдигинин тартылуусу күтүлүүдө.

"Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялаган жарлыгынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында санитардык абалды жакшыртуу максатын көздөп, мэрия тарабынан ишембиликтерди өткөрүү токтому кабыл алынган. Ага ылайык, калааны тийиштүү административдик аймактарга бөлүп, сейил бактарды, көчөлөрдү жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана ирригациялык тармактарды жакшыртуу максаты каралган. Тактап айтканда, 1500 чарчы метр арык тазалоо, 1660 даана көчөт отургузуу, таштанды чыгаруу жана ошондой эле 13 чарчы метр газондорду тазалоо жумуштары мерчемделген", — деди Мамытова.

Ал ошондой эле ишембиликтерге "Тазалык" муниципалдык ишканасынын ар кандай багыттагы 90 даана адистештирилген техникасы тартылып, аймактарда миңге чукул кызматкери иш алып барарын кошумчалады.

Белгилер:
Бишкек мэриясы, Бишкек, ишембилик

ЭҢ МААНИЛҮҮ