Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дербишев: жүк ташуучу унаалардын лицензиясы элди козута турган көйгөй эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист отдела лицензии агентства Бектур Дербишев
Специалист отдела лицензии агентства Бектур Дербишев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Автотранспорт агенттигинин лицензиялар бөлүмүнүн башкы адиси Бектур Дербишев өлкөдө жалпысынан 19 000 ишкер жүк жана жүргүнчү ташыган унааларга лицензия аларын айтты.
Дербишев: жүк ташуучу унаалардын лицензиясы элди козута турган көйгөй эмес

Ушул жылдын 1-январынан ишке кирген кодекстерде жүк жана жүргүнчү ташуучу унааларга берилчү лицензиянын баасы аныкталбай калган. Буга байланыштуу уруксат мөөнөтү бүткөн айдоочулар токтоп турушкан эле. Бирок февраль айында Жогорку Кеңеш убактылуу эски лицензия менен иштеп турууга уруксат берген чечим чыгарган. Бул тууралуу Бектур Дербишев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө аймагында жалпысынан 1637 жүк жана жүргүнчү ташыган унаалардын лицензиясынын мөөнөтү бүткөн.

"Лицензиялардын баа саясатын аныктоодо "Жогорку Кеңештин катышуусу менен" деп жазылып калган. Ошондуктан уруксат кагаздарынын наркын эл өкүлдөрү аныктайт. Айдоочулар лицензиясы жок таптакыр эле иштей алышпай калды деп чуу салган туура эмес. Кыргызстанда жалпысынан 19 миң адам жүк жана жүргүнчү ташыган унааларга лицензия алып иштесе, анын 10 пайызынын гана иштөө мөөнөтү бүткөн. Алардан бизге болгону 71и кайрылып, уруксат кагазын убактылуу эки айга узартып кетти. Башкалары кайрыла элек. Демек лицензиясын узартуунун азыр зарылчылыгы жок. Башкача айтканда, абал туруктуу эле. Элди козутуп көйгөй жаратуунун кереги жок", — деди Дербишев.

Ал жүргүнчү ташыган унаалардын 3000ге жакыны лицензиясын узартышы керек болсо, анын ичинен 1000дей айдоочу гана кайрылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0