22:59 25 Жалган Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7441
  • EUR78.9154
  • RUB1.0813
Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Маткерим уулу: лицензия ала албай, айдоочулар күнүнө 360 доллар чыгым болууда

Радио
Кыскача шилтеме алуу
247 0 0

Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу жүк жана жүргүнчү ташыган унааларга берилчү лицензия маселеси дагы деле чечилбей жатканын айтты.

Эгер унаанын баасы 40 миң долларды түзүп, ал кредитке же лизингге алынган болсо, мындай айдоочулар лицензиясы жоктугунан күнүнө 360 долларга чейим чыгым тартып жатышат. Бул тууралуу Талант Маткерим уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маалымдады.

Анын айтымында, чоң көлөмдөгү жүк ташыган унааларды ишкерлер көбүнесе насыяга алышат.

"Ушул жылдын 1-январынан тарта киргизилген жаңы кодекстерге байланыштуу жүк жана жүргүнчү ташыган унааларга лицензия берүү токтотулган. Анткени лицензиянын наркы көрсөтүлбөй калган. Кийинчерээк Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөткө тапшырма берип, мыйзамдагы мүчүлүштүк оңдолгончо эки айга эски лицензияны узартып турууга уруксат беришкен. Лицензиясынын мөөнөтү декабрь айында бүткөн гана айдоочулар бул эрежеден колдоно алгандыктан, мындай чечим маселени чечкен жок. Учурда жүк ташуучу унааны насыяга же лизингге алган айдоочулар күнүнө 360 долларга чейин чыгым тартууда", — деди Маткерим уулу.

Ал тиешелүү министрлик маселе Жогорку Кеңеште каралып жаткандыгын айтканын, ал эми парламенттен айдоочулардын жиберген каттарына жооп болбой жаткандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

ЖК ойлонуп, өкмөт толгонгуча айдоочулар ишсиз калды. Лицензия качан берилет?
Белгилер:
көйгөй, мыйзам, лицензия

ЭҢ МААНИЛҮҮ