Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакиров: сотторго ишенимдин кеткенине мамлекет күнөөлүү эмес

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров. Архив
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров коомчулукта сотторго болгон ишенбөөчүлүк 50-60 пайызды түзөрүн айтты.
Бакиров: сотторго ишенимдин кеткенине мамлекет күнөөлүү эмес

Сот органына болгон ишенимди көтөрүү, нааразычылыкты азайтуу абдан оор иш. Соттун табияты ушундай. Мындай пикирин Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан кыргыз сотунун беделин көтөрүүгө көптөгөн аракеттер жасалып эле келе жатат.

"Сотко сөзсүз түрдө бирөө ыраазы болсо, экинчи тарап нааразы болот, ишенбөөчүлүк көрсөтөт. Аталган органдын табияты ушундай. Бирок кыргыз сотунда адамдык фактор ойноп кеткен учурлар көп кездешет. Акча талап кылып, тааныш-билиши аркылуу же жогорку кызматтарда отурган аткаминерлердин тапшырмасын аткарып, адилетсиз чечим чыгарган соттор да көп. Бул багытта мамлекетти күнөөлөсөк туура эмес. Анткени өлкө сот системасынын аброюн көтөрүү, элдин ишенимин арттыруу максатында көптөгөн аракеттерди жасап жатат. Өзүм 2010-жылдан бери депутатмын. Бул аралыкта эле 20га чукул ушул багыттагы кодекстер кабыл алынды. Соңку ирет өзгөртүлгөн Конституцияда да сот системасына бир топ ыңгайлуулуктар түзүлгөн. Ошого карабай айрым судьялардын иш-аракеттери бетине көө жабууда", — деди Бакиров.

Депутат эл аралык тажрыйбаларды колдонуп "Тартип комиссиясы", "Сотторду тандоо кеңеши" институттары да соттордун аброюн көтөрүүгө көмөк көрсөтпөй жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0