Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мусаева: 2022-жылга чейин бардык мектепте ысык тамак берилет

© Sputnik / Эркин СадыковБилим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева
Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева бир окуучунун ысык тамагы үчүн 7-10 сом бөлүнөрүн айтты.
Мусаева: 2022-жылга чейин бардык мектепте ысык тамак берилет

Учурда республикадагы мектептердин 60 пайызында окуучуларга ысык тамак берилип келет. Пайыздык көрсөткүчтү сан боюнча алып караганда, 1371 мектепти түзөт. Бул тууралуу Назгүл Мусаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, калган 40 пайыз мектепти 2022-жылга чейин ысык тамак менен камсыз кылуу планы коюлган.

"1-4-класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу программасы 2013-жылдан баштап ишке кирип, ар бир окуучуга 7-10 сомдон бөлүнөт. Бүгүнкү күндө республика боюнча мектептердин 60 пайызы ысык тамак берүүгө өттү. Калган мектептер санитардык абалы начар болгондуктан же атайын жабдыктардын жетишсиздигинен өтө элек. Айрым айылдарда суу жок. Суусу жок аймактарда окуучуларга ысык тамак берүү кооптуу. Мындай мектептерде таттуу токоч менен чай же компот берилип келет. 2022-жылга чейин өлкөбүздөгү бардык мектептердеги 1-4-класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылабыз деген максатыбыз бар", — деди Мусаева.

Ал ачка болгон бала сабакка көңүлү жок болуп, мугалимдин айтканын жакшы эстеп кала албай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0