Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жанбоев: турак жайлардын жанында газ сатууга уруксат бербеш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамначальника межрегионального управления Госэкотехинспекции по Бишкеку Бейшенбай Жанбоев
Замначальника межрегионального управления Госэкотехинспекции по Бишкеку Бейшенбай Жанбоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Бейшенбай Жанбоев кыймылда болуп газ саткан унаалар токтой турган атайын жай ачылышы керектигин айтты.
Жанбоев: турак жайлардын жанында газ сатууга уруксат бербеш керек

Үйлөрдүн жанында газ саткан унаалардын токтошуна жана газды саттырууга уруксат бербеш керек. Бул тууралуу Бейшенбай Жанбоев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай унаалардын газын саттырбай коюуга алардын укугу жок.

"Биз инспекция болгондон кийин элдин коопсуздугу үчүн такай аракет кылышыбыз керек. Маал-маалы менен текшерүү жүргүзүп коюу аздык кылат. Эрежелерди бузган фактыларды көрөр замат ошол жерден түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыпка жыгылат. Кыймылда болуп газ саткан унааларды Эреже бузуулар боюнча кодекске киргизиш керек. Ансыз аны саттырбай коюуга биздин укугубуз жок", — деди Жанбоев.

Ал ага чейин түшүндүрүү иштери такай жүргүзүлө берерин, ошондой эле газ саткан унаалар үчүн атайын унаа токтотучу жай ачуу шарт экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0