Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Керимкулов: Бишкекте кооптуу жүк ташыган унаалар токтой турчу жай жок

© Sputnik / Табылды КадырбековИнспектор Госэкотехинспекции Шекербек Керимкулов
Инспектор Госэкотехинспекции Шекербек Керимкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өнөр жай коопсуздугу боюнча инспектору Шекербек Керимкулов 2018-жылы 14 газ сатуучу пункт изилденип, 80 миң сомдон ашык айып пул салынганын айтты.
Керимкулов: Бишкекте кооптуу жүк ташыган унаалар токтой турчу жай жок

Бир ордунда турбай кыймылдап жүрүп газ саткан унаалар көйгөй жаратууда. Анткени алардын көпчүлүгүнүн атайын документтери жок, бүгүн бир жерде болсо, эртеси башка жерге көчүп кетет. Бул тууралуу Шекербек Керимкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай маселени түшүндүрүү иштери жана кооптуу жүк ташыган унаалар токтой турчу жай ачуу менен чечсе болот.

"Бул боюнча биз тийиштүү мекемелер менен биргеликте рейд жүргүзүп турабыз. Өткөн жылы 14 газ сатуу пункту изилденип, 80 миң сомдон ашык айып пул салынган. Алардын бир жерде турбай, башка жерлерге кетип калуусу бизге көйгөй жаратууда. Бул маселени чечүү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле атайын кооптуу жүк ташыган унаалар токтой турган жай куруш керек. Азырынча Бишкекте андай унаа токтотуучу жер жок", — деди Керимкулов.

Ал эми ушул эле эфирде "Бишкекбашкыархитектура" башчысынын орун басары Марат Жороев кооптуу жүк ташыган уналар токтой турчу жай салуу планы азырынча жок экенин айтып өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0