Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нусупов: декларация формалары акысыз берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик салык кызматынын декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мукай Нусупов. Архив
Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мукай Нусупов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Мукай Нусупов 1-апрелге чейин мекеменин кызматкерлери салык декларациясын саат 22:00гө чейин кабыл алып жатышканын маалымдады.
Нусупов: декларация формалары акысыз берилет

Салык декларациясынын формалары кызматкерлер тарабынан сатылып жатат деп бизге көп кайрылуулар болот. Бирок бул кагаздар сатылбашы керек. "Салык декларациясынын формасына" деп биздин кызматкер акча талап кылган учурда токтоосуз Мамлекеттик салык кызматына кайрылсаңыздар болот. Ал үчүн 194 номери күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу Мукай Нусупов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, салык кызматкерлери кеп-кеңеш берүүдө да эч кандай каражат талап кылбай, убактысын бөлүп, түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.

"Ушул жылдын 1-апрелине чейин мамлекеттик кызматкерлер, муниципалдык кызматкерлер жана жеке ишкерлер, мүлк ээлери салык декларациясын тапшырууга тийиш. Ал үчүн атайын форма толтурулат. Бирок коомчулукта ошол формалар сатылып жатыптыр деген кеп тарады. Бул чындыкка дал келбейт. Мамлекеттик салык кызматынын адистери мындай формаларды сатканга укугу жок. Ал кагаздар бекер берилет. Ал эми декларация формаларын бизнеске айландырып, жасап саткан ишкерлер да бар. Алардын Мамлекеттик салык кызматына эч кандай тиешеси жок, ал ишкерлер болгону мыйзам чегинде өз бизнесин жасап жатат", — деди Нусупов.

Ал ошондой эле салык декларациясын тапшырууда калк активдүүлүк көрсөтүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0