Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Молдобаев: мүлк ээлери да салык декларациясын тапшырышы керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваМамлекеттик салык кызматынын декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын улук инспектору Өзөрбек Молдобаев
Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын улук инспектору Өзөрбек Молдобаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын улук инспектору Өзөрбек Молдобаев жарандар 194 кыска номери аркылуу салык төлөөгө байланышкан бардык суроолоруна жооп ала аларын айтты.
Молдобаев: мүлк ээлери да салык декларациясын тапшырышы керек

Салык декларациясын мүлк ээлери да тапшырууга милдеттүү. Бул тууралуу Өзөрбек Молдобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, декларацияны жарандар Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg дарегинде жайгашкан расмий сайты аркылуу онлайн тапшырса да болот.

"Салык декларациясын ишкерлик менен күбөлүк алып алектенгендер, патент менен иштегендер жана өлкө аймагында өзүнө катталган мүлкү бар адамдар тапшырууга милдеттүү. Жеке ишкерлер салыктык каттоодон өткөн жеринен декларация тапшырса, ал эми мүлк ээлери паспорттук каттоосу кайсы районго караса, ошол жердеги Мамлекеттик салык кызматына кайрылуусу зарыл. Салык декларациясына тиешелүү бардык маалыматтарды биздин расмий сайт аркылуу же 194 кыска номерине чалып билсе болот", — деди Молдобаев .

Ал салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырбагандарга айып пул салынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0