Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Министр: айыл чарба продукциясынын 11 түрүн өндүргөндөр жеңилдетилген насыя алат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев . Архив
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев . Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев быйыл айдоо жердин аянты 1 миллион 219 миң гектар жерди түзөрүн маалымдады.
Министр: 11 айыл чарба продукциясын өндүргөндөр жеңилдетилген насыя алат

2019-жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги элеттиктерге пахта жана төө буурчактын айдоо аянтын кеңейтүүнү сунуштайт. Бул тууралуу Нурбек Мурашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган продукциялардын экспорттук потенциалы жогору.

"Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү - биз 11 айыл чарба продукциясын өндүргөн дыйкандарга түз, жеңилдетилген насыя бергени жатабыз. Ал сүт, эт азыктарын, асыл тукум, бал, балык, төө буурчак, жашылча, мөмө-жемиш багытында. 2019-жылдагы айдоо аянтын эсептеп чыктык. Ал 1 миллион 219 миң гектарды түздү. Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү министрлик үчүн негизги багыт болот", — деди Мурашев.

Ошондой эле аткаминер быйыл мөмөлүү бак-дарактарды өстүрүү кирешелүү багыт болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0