Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Инженер: жылына 40-50 автобус чыгарган завод куруу ниетибиз бар

© Sputnik / Табылды КадырбековИнженер Бакыт Курманкожоев. Архив
Инженер Бакыт Курманкожоев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инженер Бакыт Курманкожоев кыргыз адистери автобус чыгара аларына көбү ишенбей жатканын айтты.
Инженер: жылына 40-50 автобус чыгарган завод куруу ниетибиз бар

Биздин инженерлерден турган чакан топ түрдүү станокторду жасап келет. Автобус чыгаруу башкы кыялдарыбыздын бири. Аны жасоого бел байлаганыбызда бизге ишенбегендер көп болду. Бул тууралуу Бакыт Курманкожоев Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, автобус редукторсуз системада иштейт жана бардык жагдайлар так эсептелип чыккан.

"Биздин инженерлерден турган команда автобус жасайбыз деген чечим кабыл алганда ишенбегендер көп болду. Бирок биз баарын так эсептеп, чийимдерин кагазга түшүрүп койгонбуз. Учурда автобусту жасоочу эки станок даяр болуу алдында турат. Муну бүткөн соң моторун жасап баштайбыз. Биз автобусту жасап чыгарган соң, жылына жок дегенде 40-50 автобус чыгарган завод куруу ниетибиз бар", — деди Курманкожоев.

Ал ошондой эле автобустар ушул жылдын жай айларына даяр болуп каларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0