Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ниязбекова: өкмөт дыйкандар менен министрликти душман кылып салды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкспорт жана импорт ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова
Экспорт жана импорт ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экспорт жана импорт ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова Кыргызстан агрардык өлкө болгондон кийин көйгөйлөр комплекстүү түрдө чечилиши керектигин айтты.
Ниязбекова: өкмөт дыйкандар менен министрликти душман кылып салды

Көйгөй жаралар замат элеттик дыйкандар менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги кас болуп калат. Бул тууралуу Ленара Ниязбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, продукцияны экспорттоодо биринчи кезекте көлөмгө басым жасалат.

"Аянычтуу жагдай. Кандайдыр бир көйгөй жаралар замат дыйкандар менен Айыл чарба министрлиги көйгөй менен бетме-бет жалгыз калат. Айыл чарба продукциясын экспорттоодо транспорт керек. Көлөмүн жогорулатуу үчүн темир жолсуз маселе чечилбейт. Бизде жада калса продукцияны сактап, жеткирүү үчүн термовагондор жокко эсе. Экспорттук алаканы түзүүдө Экономика министрлигинин иши көрүнбөйт. Ошол эле Тышкы иштер министрлиги элчилик, консулдук кызматтары менен ушул жаатта иш алып барып жатабы деп эч ким кызыкпайт", — деди Ниязбекова.

Ал дыйкандар өкмөттүн чабалдыгынан улам жабыркаган кезде компенсация маселеси жеткиликтүү деңгээлде каралышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0